Жаңылыктар
18.09.2026 16:20
Кароолор: 6
КАНАТБЕК ЧЫНЫБАЕВ АТ-БАШЫ РАЙОНУНДАГЫ СУУДАН КОРГОО ИШТЕРИНИН ЖҮРҮШҮН КӨРДҮ
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев 17-сентябрда Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ат-Башы районуна барып, суу ташкындарынын алдын алуу багытындагы иштер менен таанышты.
Министр алгач Ат-Башы райондук ӨКБнүн жаңы имаратынын курулушунун жүрүшүн менен таанышты.
Ошондой эле Баш-Кайыңды айыл аймагынын 1-Май айылындагы Ат-Башы дарыясынын жээгин бекемдөө боюнча пландалып жаткан иштердин абалы каралды.
Министр тиешелүү кызматтарга суу ташкыны жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу иштерин сапаттуу жүргүзүү, ошондой эле курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө бүткөрүү боюнча тапшырмаларды койду.