Жаңылыктар
24.06.2026 22:08
Кароолор: 82
КАНАТБЕК ЧЫНЫБАЕВ АТ-БАШЫ РАЙОНУНДАГЫ СУУ КАПТОО КОРКУНУЧУН АЗАЙТУУ ОБЪЕКТИЛЕРИ МЕНЕН ТААНЫШТЫ
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ат-Бaшы районундагы суу каптоо коркунучун азайтуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты.
Иш сапардын жүрүшүндө министр Баш-Кайыңды айыл аймагындагы Баш-Кайыңды айылында Ат-Башы суусунун жээгин бекемдөө максатында курулуп жаткан шпоранын курулушу менен жеринен таанышты. Аткарылып жаткан иштердин жүрүшү жана сапаты каралып, тийиштүү тапшырмалар берилди.
Ошондой эле элдик жыйында көтөрүлгөн маселелер жеринде каралып, тиешелүү түзүмдөргө конкреттүү тапшырмалар коюлду. Министр жергиликтүү тургундардын кайрылууларын эске алуу менен суу каптоо коркунучун азайтуу жана аймактык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чараларды күчөтүү зарылдыгын белгиледи.
ӨКМ тарабынан аймактарда табигый кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу жана калктын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштер улантылууда.