Жаңылыктар

01.06.2026 16:30

   Кароолор: 207

КАНАТБЕК ЧЫНЫБАЕВ: АР БИР БАЛА МЭЭРИМГЕ, КАМКОРДУККА ЖАНА БАКТЫЛУУ БАЛАЛЫККА ТАТЫКТУУ

1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев өлкөнүн бардык облустарындагы жана министрликтин борбордук аппаратынын өздүк курамындагы көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарына белектерди тапшырды.

Жалпысынан 100 даана велосипед, 100 даана балдар комбинезону жана таттуу белектер таратылып, бөбөктөргө кубаныч тартууланды.

Майрамдык иш-чарада министр куттуктоо сөзүн сүйлөп, балдар – өлкөбүздүн келечеги, элибиздин эң баалуу байлыгы экенин белгиледи. Ал ар бир бала мээримге, камкордукка жана бактылуу балалыкка татыктуу экенин айтып, өсүп келе жаткан муундун ден соолугун, коопсуздугун жана бакубат жашоосун камсыз кылуу мамлекеттин жана коомдун негизги милдеттеринин бири экенин айтты.

Ошондой эле министр, Бишкек шаарындагы жаш балдар дарыланып жаткан медициналык мекемелердин бирине барып, майрамдык маанай тартуулады. Наристелерге оюнчуктарды, гигиеналык каражаттарды, шире жана таттууларды тапшырып, алардын тез сакайып кетишин каалады.

Канатбек Чыныбаев балдардын ден соолугу баарынан маанилүү экенин белгилеп, дарыланып жаткан бөбөктөргө жана ата-энелерине бекем ден соолук, чыдамкайлык каалады. Өз кезегинде медициналык мекеменин жамааты көрсөтүлгөн көңүл буруу жана жардам үчүн ыраазычылык билдиришти.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу