Жаңылыктар

10.06.2026 08:00

   Кароолор: 740

КАНАТБЕК ЧЫНЫБАЕВ АКСЫ РАЙОНУНДАГЫ ЖАНА ТАШ-КӨМҮР ШААРЫНДАГЫ СЕЛ КОРКУНУЧУ БАР АЙМАКТАРДЫ КӨРҮП ЧЫКТЫ

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Аксы районундагы сел коркунучу жаралган аймактарды жеринде көрүп чыгып, тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берди.

Министр алгач Кара-Камыш айыл аймагынын Дардак-Дөбө айылындагы Сыны сел сайында болуп, Таш-Көмүр – Кербен автоунаа жолунун 45-чакырымында түзүлгөн абал менен таанышты. Адистердин маалыматына ылайык, бул тилкеде сел агымдарынын кооптуулугу сакталып, жол инфраструктурасына жана калктуу конуштарга коркунуч жаратуу мүмкүнчүлүгү бар.

Жеринде жүргүзүлгөн кароонун жыйынтыгында сел агымдарын жөнгө салуу жана анын кесепеттерин алдын алуу максатында бул аймакка сел өткөрүү курулмасын (селедук) куруу боюнча чечим кабыл алынды.

Андан соң министр Таш-Көмүр – Кербен автоунаа жолунун 47-чакырымындагы Сыны сел сайындагы дагы бир кооптуу тилкени көрүп чыкты. Бул жерде сел суулары өтүүчү аймакка атайын долбоордун негизинде көпүрө куруу зарылдыгы белгиленди.

Аталган жерлердеги иштерди аткаруу жана жолдун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү тапшырмалар №38 Жол тейлөө ишканасына (ДЭП-38) жүктөлдү.

Мындан тышкары, Таш-Көмүр шаарынын аймагында да сел сууларынын турак жайларга кирип кетүү коркунучун азайтуу боюнча алдын алуу чараларын күчөтүү маселеси каралды. Калктын коопсуздугун камсыздоо жана сел агымдарын көзөмөлдөө үчүн тиешелүү инженердик коргоо курулмаларын ишке ашыруу боюнча чечимдер кабыл алынды.

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев сел коркунучу жогору болгон аймактарда алдын алуу иштерин өз убагында жүргүзүү жарандардын коопсуздугун камсыздоодогу негизги багыттардын бири экенин белгилеп, тиешелүү мекеме-уюмдарга конкреттүү тапшырмаларды берди. Аталган иштердин аткарылышы министрликтин көзөмөлүндө болот.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу