Жаңылыктар

24.04.2026 20:07

   Кароолор: 123

Канатбек Чыныбаев Аксы районундагы кооптуу тилкелерди кыдырды

 

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ак-Жол жана Кара-Камыш айыл аймактарындагы сел коркунучу бар тилкелер менен таанышып, жергиликтүү бийлик органдарына сунуш киргизүү үчүн тиешелүү долбоордук документацияны даярдоону тапшырды.

Ошондой эле министр Кара-Камыш айыл аймагы аркылуу агып өткөн Кара-Суу дарыясынын жээгин бекемдөө иштери менен таанышып, жарандардын коопсуздугу ар дайым артыкчылыктуу болушу керек экенин белгиледи.

Мындан тышкары, министр Сары-Челек жана Кара-Камыш аймактарындагы жер көчкү коркунучун азайтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты. Азыркы учурда мүмкүн болуучу коркунучтарды жоюу үчүн механикалык тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган долбоордун алкагында аталган айыл аймагындагы 44 турак жайга болгон коркунуч толугу менен жоюлат.

Андан соң, Канатбек Чыныбаев Аксы жана Ноокен райондорундагы курулуш объекттериндеги иштердин жүрүшү менен таанышып, аларды сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүтүрүүнү тапшырды.

https://www.facebook.com/share/v/1Gxq1kMWV4/
Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу