Жаңылыктар
01.07.2026 13:36
Кароолор: 42
КАНАТБЕК ЧЫНЫБАЕВ: 35 ЖЫЛДА КУТКАРУУ КЫЗМАТЫ ЭЛИБИЗДИН ИШЕНИМДҮҮ ТАЯНЫЧЫНА АЙЛАНДЫ
Урматтуу куткаруучулар жана ардагерлер!
Бүгүн биз Кыргыз Республикасынын куткаруу кызматынын түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгын белгилеп жатабыз. Бул жөн гана маараке эмес, бул - эрдиктин, жоопкерчиликтин жана өз ишине болгон чексиз берилгендиктин тарыхы.
Ушул жылдар аралыгында куткаруу кызматы элибиздин ишенимдүү таянычына айланды. Сиздер күн сайын жарандардын коопсуздугун камсыздап, эң оор жана кооптуу кырдаалдарда жардамга келип, башкалардын өмүрүн сактап калуу үчүн өз ден соолугуңуздарды жана өмүрүңүздөрдү тобокелге салып кызмат өтөп келесиздер.
Куткаруучунун кесиби - өзгөчө кесип. Ал кайраттуулукту, чыдамкайлыкты, жогорку кесипкөйлүктү жана өз ишине болгон чыныгы сүйүүнү талап кылат. Ар бир чакыруу, ар бир куткаруу операциясынын артында кызматкерлерибиздин кесипкөйлүгү, жан аябастыгы жана адамгерчилиги турат.
Бүгүн биз кызматтык милдетин акырына чейин абийирдүүлүк менен аткарып, адамдардын өмүрүн сактап калуу жолунда өз өмүрүн курмандыкка чалган куткаруучуларды өзгөчө терең ыраазычылык жана урмат-сый менен эскеребиз. Алардын эрдиги элибиздин эсинде түбөлүккө сакталат жана келечек муундар үчүн кайраттуулуктун үлгүсү болуп кала берет.
Куткаруу кызматынын бардык кызматкерлерине жана тармактын ардагерлерине кызматка болгон берилгендигиңиздер, күжүрмөн эмгегиңиздер жана өлкөбүздүн коопсуздугун камсыз кылууга кошкон баа жеткис салымыңыздар үчүн чын дилимден ыраазычылык билдирем.
Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык, кызматыңыздарга ийгиликтерди жана ар дайым үйүңүздөргө аман-эсен кайтып келишиңиздерди каалайм. Күчүңүздөр, тажрыйбаңыздар жана кесипкөйлүгүңүздөр мындан ары да Кыргыз Республикасынын элинин бейпилчилиги үчүн кызмат кыла берсин.
Майрамыңыздар кут болсун! Куткаруу кызматынын 35 жылдыгы менен!