Жаңылыктар
02.01.2025 04:48
Кароолор: 608
КАМПАДАН ЧЫККАН ӨРТ ТОЛУК ӨЧҮРҮЛДҮ
Бишкек шаарынын Дордой базарында жайгашкан кампадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшөрү менен өрттү өчүрүүгө саат 02:09да Свердлов райондук №2 ӨКБдан 1 бөлүм, №3 ӨКБдан 1 бөлүм, Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 бөлүм, жана штаб тартылган.
Кошумча саат 02:29да Биринчи Май райондук №8 АӨКБдан 1 бөлүм , жалпы 4 бөлүм жана штаб өрттү өчүрүү иштерин жүргүзгөн.
Өрт саат 03:15те чектөөгө алынып, 04:22де толук өчүрүлдү. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 250 ч.м. түзөт. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок.
КР ӨКМ РЕСС-БОРБОР