Жаңылыктар

24.07.2025 00:04

   Кароолор: 297

КАМПАДАГЫ ӨРТ ӨЧҮРҮЛДҮ. ТИЛСИЗ ЖОО 700 ЧАРЧЫ МЕТРДИ КУЧАГЫНА АЛДЫ

Бишкек шаарындагы кампадан чыккан ири өрт саат 21:24тө чектөөгө алынып, 23:49 толугу менен өчүрүлдү. Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракеттери менен кампадагы буюмдар сакталып калган. Бирок, тилсиз жоо кучагына алган аймак 700 чарчы метрди түздү.

Белгилей кетсек, өрттү өчүрүүгө ӨКМдин 3 өрт өчүрүүчү күжүрмөн эсеби, штаб жана автошаты тартылган.

Мындан сырткары Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан 2 офицер, ошондой эле Бишкек мэриясынын 5 суу ташуучу унаа, РЭТтен 1 бригада жана ИИМ кызматкерлери жеринде иштеди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу