Жаңылыктар
18.09.2026 10:55
Кароолор: 14
КАЛКТЫН КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ МААЛЫМДУУЛУГУН ИЗИЛДӨӨ БОЮНЧА СУРАМЖЫЛООГО КАТЫШЫҢЫЗ
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институту Кыргыз Республикасынын 2026–2027-жылдарга карата коррупцияга каршы маалыматтык саясат мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында калктын коррупцияга каршы маалымдуулук деңгээлин изилдөө жүргүзүүдө.
Изилдөөнүн максаты — жарандардын коррупцияга каршы аракеттенүү, коррупциялык укук бузуулар жөнүндө билдирүүнүн жолдору жана мыйзамда белгиленген жоопкерчилик тууралуу канчалык деңгээлде маалымдар экендигин аныктоо, ошондой эле калктын коррупцияга болгон мамилесин жана анын көрүнүштөрү жөнүндө билдирүүгө даярдыгын изилдөө.
Сурамжылоого катышуу ыктыярдуу жана анонимдүү болуп саналат. Жооптор аналитикалык баяндама жана коррупцияга каршы маалыматтык саясатты өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо үчүн жалпыланган түрдө гана пайдаланылат.
Шилтемени басып, сурамжылоого катышыңыз!
https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSdOVyztGdPPnyzP0f8OrXoLm74Pq4m8Jz8NJ5w2mI_Nx5MdfA/viewform