Жаңылыктар
19.02.2024 12:57
Кароолор: 887
КАЛКТЫН ИШЕНИМ ИНДЕКСИ БОЮНЧА ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРИЛИГИ БИРИНЧИ ОРУНДА
КАЛКТЫН ИШЕНИМ ИНДЕКСИ БОЮНЧА ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРИЛИГИ БИРИНЧИ ОРУНДА
Мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун баалоочу маанилүү көрсөткүчтөрдүн бири – “Калктын ишеним индекси”. Өткөн 2023-жылга карата жалпы мамлекеттик мекемелерге эл өзүнүн баасын берди.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2023-жылы калктын ишеними менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 45,7 баллды топтоп, министрликтер арасында биринчи орунду камсыздады. Ал эми жалпы мамлекеттик органдардын арасында үчүнчү орунду ээлеген.
Бул баалоо акыркы жылдары ӨКМдин коомчулукта аброю артып, элдин ишеними жогорулап жаткандыгын билдирет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР