Жаңылыктар

28.03.2024 09:42

   Кароолор: 275

КАЛКТЫ ТЕЙЛӨӨ БОРБОРУНДА ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ

Үстүбүздөгү жылдын 26-мартында ӨКМдин Түп району боюнча ӨКБнын кызматкерлери Жарандык коргонуу кызматтары жана "Кызыл жарым ай" коому менен биргеликте, Түп району боюнча Калкты тейлөө борборунда(ЦОН) өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү.

Машыгуунун негизги максаты – аталган борбордун кызматкерлерине өзгөчө кырдаалдар учурундагы иш аракеттер, кардарларды коопсуз жайга чыгаруу, ошондой эле жабыркаган жарандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүү жана алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттар менен тааныштыруу болду.

Куткаруучулар милиция, "Тез жардам" кызматкерлери жана "Кызыл жарым ай" коомунун ыктыярчылары менен иш алып барып, өзгөчө кырдаалдарды жалпы күч каражаттары менен жоюуну иштеп чыгышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу