Жаңылыктар

27.05.2025 17:11

   Кароолор: 378

КАЛКТЫ КАБАРЛАНДЫРУУ ТУТУМДАРЫНАН ЭЛГЕ ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ ЖЕТКИРИЛДИ

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын аймагында 28-майдан 31-майга чейин күтүлгөн жаан-чачындуу күндөргө карата табигый кырдаалдарды коопсуз өткөрүү чараларын көрдү.

ӨКМдин түзүмдүк бөлүктөрүнө тиешелүүлүгүнө жараша тапшырмалар берилип, министрликтердин облустук жана шаардык башкармалыктары адам өмүрүн сактоо жана коопсуздукту камсыздоо максатында, өлкө аймагында калкты кабарландыруу тутумдарын ишке киргизди.

Алсак, GSM, DVB-T2 ТВ каналдарынын жыштыгы (телерадио перехват) жана ОРАЛО тутуму аркылуу кабарланып, өлкө аймагындагы жаан-чачындуу күндөрү коопсуздук эрежелерин сактоо эскертилди. Мындай кулактандыруу жер-жерлерде байма-бай берилип турмакчы.

Мындан сырткары жергиликтүү бийлик органдарына Жарандык коргонуу кызматтарынын инженердик техникаларынын даярдыкта кармоону жеткирүү, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборуна өлкөдөгү абал тууралуу маалыматтарды ыкчам топтоо тапшырылып жана штаб түзүлдү.

Белгилей кетсек, ӨКМге караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти 2025-жылдын 31-майына чейин, табигый процесстердин коопсуз өтүүсүн камсыздоо, калкты жана объектилерди коргоо үчүн Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына эскертме каттарын жөнөткөн.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу