Жаңылыктар
11.09.2024 16:17
Кароолор: 484
КАЛКТЫ ЭВАКУАЦИЯЛООДОГУ ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫНЫН ИШ-АРАКЕТТЕРИ
Чоң-Алай райондук Жарандык коргонуунун 2024-жылга карата даярдык мерчемине ылайык, 2024-жылдын 10-11-сентябрь күндөрү Жекенди айыл өкмөтүндө "Калкты эвакуациялоо учурунда Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын иш-аракеттери" деген темада комплекстик машыгуу өткөрүлдү.
Машыгуунун жүрүшүндө Жарандык коргонуу түзүмдөрү берилген тапшырмаларга өз убагында жооп кайтарып, эвакуацияланган калкты ар тараптуу камсыздоо жана жайгаштыруу боюнча тиешелүү иштерди аткарышты.
Бул иш-чара жарандык коргонуунун даярдыгын жана эвакуациялоо иштеринин координацияланышын текшерүүгө багытталган ошондой эле калк арасында өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты жакшыртуу максатында өттү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР