Жаңылыктар

15.09.2023 13:31

   Кароолор: 37

Кайран өмүр жалп өчпөгөндө – адам өмүрүн өлүмдөн канча жолу арачаламак

БЕЙНЕГЕ ШТРИХ

 

КАЙРАН ӨМҮР ЖАЛП ӨЧПӨГӨНДӨ – АДАМ ӨМҮРҮН ӨЛҮМДӨН КАНЧА ЖОЛУ АРАЧАЛАМАК

 

ӨМҮР...

Өмүр демекчи... Иш десе ишке, аш десе ашка тойбогон күлгүн курак – 35 жаш. Кайран өмүр жалп деп өчпөгөндө – ажал оозунан адам өмүрүн канча жолу арачалайт эле. Ал тирүү болгондо артында калган 3 уулу “аталап” алдынан тосуп алып, үй-бүлө шаңга толуп, бакытка балкыбайт беле. Өмүр чиркин мынчалык кыска белем...

Бир туугандарын канатына калкалаган, бүтүндөй бир чоң үй-бүлөгө тирөөч болгон Айбек душмандардын колунан каза табат деген ой эч кимдин башына келбесе керек. Эмесе сөз башынан болсунчу...

Баткен шаардык ӨКБнын кароол башчысы, лейтенант Айбек Ысмановдун бейнесине штрих жасайлы. Ал качандыр бир кезде өлүм келерин билген менен душмандын колунан жашында кетерин сезген жок. Болбосо өмүрлүк жары менен үйдөгү 3 уулун эрезеге жеткирүү, билим берүү, ал тургай неберелердин чоң атасы болууну эңсеген. “Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет”, - деген сөз ушул... Эми Айбекти бир гана эскерүү, ага куран окуу менен жашап калды туугандары.

МЕКЕНГЕ АРНАЛГАН ӨМҮР

Маркум лейтенант Айбек Ысманов өзү теңдүү уландардай билим алууга умтулуп, Баткен мамлекеттик университетинен компьютердик инженер кесибине ээ болгон. Андан соң 2010-жылдын май айынан тарта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын Баткен шаардык жана Баткен райондук бөлүмүнүн №26 аскерлештирилген өрткө каршы куткаруу бөлүгүндө кызмат өтөп, эмгек ишмердүүлүгүнө чыйыр таштаган.

Ал офицердик курамды толуктап, 2021-жылдын март айынан тарта Ак-Сай №106 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн кароол башчысы кызматында эмгектенип, өзү жаш болсо да тилсиз жоодон адам өмүрүн куткарууга өз салымын кошуп, ийгиликтүү эмгектенип келген.

КАРГАШАЛУУ ОКУЯГА ДҮРБҮ САЛАЛЫ...

Кыргыз тарыхында кара тамгалар менен жазылган каргашалуу бул күн – өткөн жылдын 14-сентябрында жайлоону өрттөө менен башталган. Эртеси коңшу өлкөдөн тажиктер чек арага чектеш жайгашкан жай тургундарга кол салып, элдин эсинен кеткис кандуу окуя башталган. Буга чейин сыркоолоп жаткан лейтенант Айбек Ысманов элине жардамын берүү үчүн кызматына чыгат. Ал өзүнүн нөөмөтүнөн чыга турган күнү эки элдин ортосунда катуу тополоң болот.

Маркум кароол башчысы кесиптештери менен ошол айылдын тургундарын коопсуз жайга чыгаруучу элет элинин унааларына күйүүчү май жеткирген. Ошентип чек арага чектеш жайгашкан Ак-Сайдын элин акыркы үй-бүлөсүнө чейин алып чыгып кетүүгө эрдик менен салым кошот. “Жаныңарды аман алып, өмүрүңөрдү сактагыла! А мен мында калайын, унааларга күйүүчү май керек болуп калбасын”, - деп кесиптештерин качырган лейтенант Айбек Ысманов 16-сентябрда ошол айылдын четиндеги тоок ферманы өрттөп, кожоюнун өлтүргөн душмандардын колунан каза табат.

Ооба, каргашалуу бул күнү кыргыз эли баатыр жүрөк, эр мүнөз 59 уулунан ажыраган. Алардын катарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткендеги Ак-Сай №106 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн кароол башчысы, лейтенант Айбек Ысманов да бар.

ЭНЕНИН ЭСКЕРҮҮСҮНӨН ҮЗҮНДҮ

“Айбек 3 уул, 3 кыздын улуусу. Уулумду жоктогонума жыл айланса да анын орду эч качан толбос. Ал бир туугандарынын тиреги, менин кеңешчим, акыл кошчум эле”, - деп эреркеген Айтилла Жороева эне баласынын койгон максаттарын бирден санады. Бирок, ойлогон оюна, алдыга койгон максаттарына жете бербеди. Эненин эңсегени – артында калган перзенттери бой жетип, уулунун тилектерин уласа дейт.

Ошол күнү нөөмөткө чыгарда кичүү карындашын эркелетип, турмушка өз колу менен узатарын жана жакынкы күндөрү боло турган той эсткен кеткис шаңдуу болорун сүрөттөгөн. Аттиң, өзү болсо гана. Той өткөрүү тилегине да жетпеди...

“Келечек билимдүүлөрдүкү”, - деп дайым кайталаган камкор ага бир туугандарынын баарына билим алууга жардам берген. Ал тургай энесинин жогорку билим алуусуна уулу түрткү болуп, баары окуган соң эң акырында гана өзү жогорку билим алган.

ӨЛКӨ БАШЧЫСЫ БААЛАГАН ЭРДИК

Өз өмүрүнөн да элдин коопсуздугун жогору койгон Айбек Ысмановдун эрдигин Мамлекет башчысы Садыр Жапаров да унутта калтырган жок. Дегеним, өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына карата аны Кыргыз Республикасынын “Эрдик” медалы менен сыйлады.

“2022-жылдын 16-сентябрында кыргыз-тажик чек ара аймагындагы куралдуу кагылышууда жайкын тургундардын өмүрүн сактап калууда жана эң негизгиси Ата Мекен чегине душман бутун тебелетпей, коргоп калууда берген антына бекем туруп, өмүрүн арнаган Мыктыбек Мурзажанов, Уланбек Улукбеков, Айбек Ысманов сыяктуу баатыр жоокерлерибизге ар дайым башыбызды ийип таазим кылабыз”, - деген Өлкө башчысы мекен чегин коргогон баатырларыбыз өз тармагынын устасы аталып, ысымдары калк арасына кеңири сиңген мындай жарандарыбыздын эмгегин татыктуу баалоого токтолду.

Ооба, лейтенант Айбек Ысмановдой мекенчил уулдарыбыз менен өлкөбүздүн чек арасы бекем. Андыктан кыргыз эли эр мүнөз, жоодон кайра тартпаган, намыскөй баатырлары менен сыймыктанат!

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу

Центральный аппарат МЧС

Территориальные управления

Жабуу

Территориальные управления

Жабуу
Жабуу