Жаңылыктар

16.03.2024 10:00

   Кароолор: 467

КАДАМЖАЙДА ӨКМге КАРАШТУУ ТОКОЙ КЫЗМАТЫ ТАРАБЫНАН 2 ГЕКТАР ЖЕРГЕ КӨЧӨТ ОТУРГУЗУЛДУ

Өлкө аймагында алгачкылардан болуп Баткен облусунун Кадамжай районунда жашылдандыруу иштери башталды. “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясынын алкагында уюштурулган ишембиликте Үч-Коргон токой чарбасында көчөт отургузуу акциясы өткөрүлдү. Иш-чарага ӨКМдин аймактагы өздүк курамы,

токой кызматынын жана жергиликтүү мекеме-ишканалардын кызматкерлери катышты. Натыйжада 1110 даана ит мурун көчөттөрү отургузулду.

Маалымат катары айта кетсек, өлкө башчысы С. Жапаров жана Министрлер Кабинети тарабынан Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук боюнча жол картасы бекилип, анда “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясын уюштуруу каралган.

Аталган кампаниянын алкагында бүгүн, Баткен облусунун Кадамжай районундагы Үч-Коргон токой чарбасында 2 га жер аянтына көчөттөр отургузулду. Ушундай эле маанидеги жашылдандыруу иштери жакынкы күндөрү облустун башка аймактарында да уланат.

Үч-Коргон токой чарбасынын мамлекеттик токой фондусунда жалпы 140999,0 га жер аянты болсо, анын ичинен 59232 га токойлуу аянты бар.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу