Жаңылыктар
02.02.2024 12:31
Кароолор: 1573
Кабар Улуттук маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев Бишкек Жылуулук электр борборунун ичинде гана өзгөчө кырдаал жарыяланганын (тактоо иретинде Бишкек шаарынын аймагында эмес) билдирди
Кабар Улуттук маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев Бишкек Жылуулук электр борборунун ичинде гана өзгөчө кырдаал жарыяланганын (тактоо иретинде Бишкек шаарынын аймагында эмес) билдирди.
Ал эми ЖЭБнин аймагында чыккан өрттү өчүрүүдө 2 күжүрмөн эсеп иштеп, өрт таңкы саат 4:55те чектөөгө алынып, саат 5:05те толугу менен өчүрүлгөн.
Учурда жеринде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары тартылып, 8 мотопомпа менен сууну сордуруу иши жүрүүдө.
Жеринде кырдаалды ыкчам жөнгө салуу максатында штаб түзүлүп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин координациялоосу менен жарандык коргонуу кызматтары тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө
Мындан сырткары министрлик тарабынан убактылуу жылууланган 4 чатыр тигилди.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР