Жаңылыктар

01.02.2025 11:01

   Кароолор: 121

ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ БОЮНЧА ОКУТУЛДУ

ӨКМге караштуу Окуу-изилдөө борбору пландан сырткары окутууну уюштуруу мерчемине ылайык, КР Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын өздүк курамы менен Жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу жаатында окууларды уюштурду.

Окутуунун негизги максаты — өзгөчө кырдаалдарга кызматкерлердин даярдыгын жогорулатуу, жарандык коргонуу жаатындагы бардык деңгээлдеги кызмат адамдарынын билимин жогорулатуу.

Иш-чаранын жүрүшүндө борбордун окутуучулары өрт коопсуздугу боюнча теориялык жана практикалык сабактарды өткөрүп, өрт коопсуздугун сактоо жана өрт өчүрүүнүн баштапкы шаймандары жөнүндө кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу