Жаңылыктар

17.01.2024 14:20

   Кароолор: 1025

ИЗДӨӨ-КУТКАРУУ ИШТЕРИНЕ КОШУМЧА КҮЧ ЖӨНӨТҮЛДҮ

Бүгүн, 17-январда Аламүдүн капчыгайында жоголгон адамды издөө иштерине саат 12:30га карата кошумча куткаруучулар тартылды.

Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин көзөмөлүндө борбордук аппараттан Жарандык коргонуу башкармалыгынын жетекчиси, полковник А.Асанов, маалымат кызматы, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун дрон кызматынан подполковник А. Картайганов баштаган ыкчам топ жеринде иш алып барууда.

Бүгүн жалпысынан 262 адам чыгышса, анын 64ү куткаруучу, 150 милиция, 40 ыктыярчы жана башка мамлекеттик кызматтын 8 кызматкери издеп жатышат.

Аралыктан туруп издөө ыкмасына 10 дрон жана 15 техника тартылып, куткаруу шаймандары колдонулууда.

Белгилей кетсек, алдын ала маалымат боюнча 2024-жылдын 14-январында Чүй облусунун Аламүдүн коктусунда (Тёплые ключи) 1996-ж.т. М. уулу М. дайынсыз болгон.

Издөө иштеринин жүрүшүнөн кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу