Жаңылыктар

31.10.2024 09:02

   Кароолор: 431

ИЗДӨӨ ИШТЕРИНЕ ЖАЛПЫ 116 АДАМ 9 ДРОН ТАРТЫЛДЫ

ӨКдин министри Бообек Ажикеев өзү көзөмөлдөп турган издөө иштерине бүгүн, Жумгал районунда ӨКМден 60 кызматкер 6 дрон, ИИМден 20 кызматкер 3 дрон жана жергиликтүү тургундардан 26 жаран болуп жалпы 106 адам, 9 дрон 22 топко бөлүнүп издөө иштерине чыгышты. Бул райондо издөө иштери Өрнөк айылынан баштап Көкөмерен дарыясын болбой 30 чакырымына чейинки тилкесинде жүрөрү мерчемделген.

Ал эми Токтогул районунда Камбар-Ата 2 ГЭСтинен Токтогул суу сактагычына чейинки жана Камбар -Ата 2 жана Камбар-АТА 1 ГЭСтеринин аралыгындагы Нарын дарыясын бойлой ӨКМден 8 куткаруучу ИИМдин 2 кызматкери менен эки топко бөлүнүп издөө иштерин жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 16-октябрь күнү ата-бала мал кайтарууга жайлоого кетип, дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 19-октябрда түшкөн.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Бообек Ажикеев

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу