Жаңылыктар

01.11.2024 08:25

   Кароолор: 1239

ИЗДӨӨ ИШТЕРИНЕ ЖАЛПЫ 107 АДАМ, 6 ДРОН ТАРТЫЛДЫ

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев өзү көзөмөлдөп турган издөө иштерине бүгүн, 1-ноябрда таңкы 7: 45 башталды. Жумгал районунда ӨКМден жана ИИМден болуп 81 кызматкер, 6 дрон жана жергиликтүү жарандар менен жалпы 107 адам жеринде издешет. Ошондой эле Токтогул районунун Бишкек-Ош унаа жолунун 314-чакырымынан Токтогул суу сактагычына чейинки суунун жээктеринде куткаруучулар издөө иштерин жүргүзөт.

Издөө иштери жеринде министрдин орун басары, генерал-майор У. Шамырканов жетекчилигинде жүрүүдө.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 16-октябрь күнү ата-бала мал кайтарууга жайлоого кетип, дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 19-октябрда түшкөн.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Бообек Ажикеев

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу