Жаңылыктар

01.11.2024 10:34

   Кароолор: 1029

ИЗДӨӨ ИШИ ТОКТОГУЛ РАЙОНУНДА ДА ЖҮРҮҮДӨ

Жумгалда дайынсыз болгон жарандарды издөө иштерине бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын Токтогул райондук ӨК бөлүмүнөн 7 куткаруучу, 1 унаа тартылды.

Бишкек-Ош унаа жолунун 314-чакырымынан Токтогул суу сактагычына чейин Көкөмерен дарыясынын жээгинде издөө иштерин жүргүзүү үчүн 08:10до чыгып кетишкен.

Белгилей кетсек, учурда ӨКМ менен ИИМден жалпы 81 кызматкер, 6 дрон жана жергиликтүү жарандар болуп чогуу 114 адам жеринде издешүүдө.

Өрнөк айылында 16-октябрь күнү ата-бала мал кайтарууга жайлоого кетип, дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат ӨКМге 19-октябрда түшкөн.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу