Жаңылыктар

14.01.2025 13:16

   Кароолор: 929

ИЗДЕЛИП ЖАТКАН ЖАРАНДЫН АПАСЫ МЕНЕН МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ ЖОЛУКТУ

КР Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, генерал-майор Урматбек Шамырканов бүгүн, 14-январда бир айдан бери дайынсыз болуп, изделип жаткан Таш-Көмүр шаарынын тургунунун апасы жана бир туугандары менен жолукту.

Министрдин орун басары жолугушууда ӨКМдин куткаруучулары күчөтүлгөн тартипте атайы техникалардын жардамында издеп жатышканын жана мындан ары дагы болгон мүмкүнчүлүккө жараша издеп-куткаруу аракеттери уланарын билдирип, жакындарын сабырдуулукка үндөдү.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 15-декабрында Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаарынын 47 жаштагы М.Д. аттуу тургуну Сүттүү-Булак жайлоосуна малын айдап келүүгө чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Министр, генерал-майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен издөө иштери улантылууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу