Жаңылыктар
24.12.2024 10:21
Кароолор: 543
ИСКЕ УУЛАНУУНУН АЛДЫН АЛ! ЖАКЫНЫҢДЫН ӨМҮРҮН САКТА!
Өрт өчүрүүчүлөрдүн айтымында, уулуу көмүртек кычкылы (ис) түсү жана жыты жок болгондуктан, өзгөчө коркунучтуу. Иске уулануу абдан оңой жана ар кандай кырдаалдарда өтөт. Алсак, транспорт каражаттарынан чыккан газдан, көмүртек кычкылы менен уулануу турмуш-тиричилик газынын чыгышынан же приборлордун иштен чыгуусунан, өрткө уулануудан да болушу мүмкүн.
Уулануунун негизги себеби - мештерди жылытуу эрежелеринин бузулушу, мештин эшиги өз убагында жабылбагандыгы, от жагуучу жайда таза абанын жетишсиздиги, мештин жана мордун туура эмес иштеши, мештеги жаракалар кайгылуу окуяларга алып келет.
Адамдын организмине кирген көмүртек кычкылынын көлөмүнө жарша уулануун симптомдору бири-биринен кескин түрдө айырмаланат. Эң коркунучтуусу адам өмүрү менен кош айтышуу. Эгерде, сиз иске ууланган адамды байкап калсаңыз аны сыртка алып чыгыңыз.
УУЛАНГАН АДАМГА ЖАРДАМ КӨРСӨТҮҮНҮН АЛГАЧКЫ КАДАМДАРЫ:
- аны таза абага алып чыгуу же кычкылтектүү масканы колдонуу;
- бөлмөлөрдү желдетүү үчүн терезелерди, эшиктерди ачуу;
- жабырлануучунун дем алуу жолдорун бошотуу (галстуктугун, көйнөгүн чечүү), адамды капталынан жаткыруу жакшы.
- адамдын акыл-эси жайында болсо, таза абага үзгүлтүксүз чыгуу, кыска мөөнөттүү ингаляцияны камсыз кылып, денени сүртүү зарыл.
- жабырлануучу эс-учун жоготсо, “тез жардам” келгенге чейин дароо жасалма дем алдыруу керек.
КЫШЫНДА ӨРТ КООПСУЗДУГУНУН ЭРЕЖЕЛЕРИН ТУУРА САКТА!
Өзгөчө кышында иске ууланып, өмүр менен кош айтышкандар көп кездешет. Андыктан, кышында өрт коопсуздугунун эрежелерин туура сактоо зарыл:
- бузулган электр розеткаларын жана вилкаларын, өчүргүчтөрдү колдонбоңуз;
- колго жасалган электр жылыткычтарын колдонбоңуз;
- күйүүчү материалдарды чатырларда, жер төлөдө сактабаңыз;
- балдарды үйдө кароосуз калтырбаңыз;
- тиричилик электр приборлорун, радио жана телевизор жабдууларын, күйгүзүлгөн газ плиталарын кароосуз калтырбагыла;
- күйүүчү объекттердин жанына электр жылыткычтарын орнотууга болбойт;
- морлорду жана жылытуучу мештерди тазалаңыз.
Аталган өрт коопсуздугунун эрежелерин сактасаңыз, өзүңүздүн жана жакындарыңыздын өмүрүн сактап каласыз! Үйүңүздүн, мүлкүңүздүн өрттөнүшүнө жол бербейсиз.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР