Жаңылыктар
20.04.2024 11:10
Кароолор: 314
ИШЕМБИЛИК УЧУРУНДА КУТКАРУУЧУЛАР БИР ЖАРАНДЫ АМАН АЛЫП КАЛЫШТЫ
Бүгүн, 20-апрель күнү ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын Свердлов районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы ишембилик учурунда Аламүдүн дарыясынан 20-25 чамасындагы азиат улутундагы жаранды куткарып калышты.
Жаранды аман-эсен бир туугандарына өткөрүп берип, кайтышкан.
Азыркы учурда таекесинин маалыматына караганда азиат улутундагы куткарылган жаран Улуттук госпиталга жаткырылган.
Өз кесиби менен сыймыктанган куткаруучуларга туугандары чексиз ыраазычылыгын билдирип, узатышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР