Жаңылыктар
09.12.2024 15:16
Кароолор: 128
ИРИ КЫРСЫКТАРДА КУТКАРУУЧУЛАРДЫН ИШ АРАКЕТТЕРИНИН КҮҢГӨЙ-ТЕСКЕЙИ ТАЛДАНАТ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Окуу-изилдөө борборунда Чүй облусунун Кант шаарындагы кагаз чыгаруучу заводдо үстүбүздөгү жылдын 23-ноябрында катталган ири өрт кырсыгы боюнча талдоо-анализдөө жүргүзүлдү.
Иш-чарага ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын адистери, өрт өчүрүүчү өздүк курам жана аталган борбордун жетекчилиги катышып, тилсиз жоону ооздуктоого тартылган күч-каражаттарынын аракеттери, өрт өчүрүү тактикалары, аны уюштуруу жана башкаруу боюнча аткарылган иштерине анализ жүргүзүлүп, кемчиликтер жана жетишкендиктер тууралуу сөз болду.
Жыйында айтылгандай, эң негизги белгилеп кетүүчү баатырдык иштери – Штабдын заводдун ичинде калып калган кислороддук баллондорду тышка алып чыгуусу жана өндүрүштөн чыккан даяр товарлар сакталчу кампагага өрттү өткөрбөй аман алып калуусу болду.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР