Жаңылыктар

22.02.2025 18:50

   Кароолор: 60

ИПОТЕКАЛЫК ҮЙЛӨР ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН ПРОГРАММА МЕНЕН 25 ЖЫЛГА БЕРИЛЕТ

Кечээ, 26-декабрда КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлдөрү катышкан жыйын өттү. ӨКМдин аймактык-территориалдык башкармалыктарынын, түзүмдүк бөлүктөрүнүн аскердик, мамлекеттик кызматкерлери катышып, МИКтин адистери Мырзагүл Сардарбековадан, Чыныбек уулу Кубанычбектен ипотекалык жол менен үйлүү болуунун жол-жоболорун угушту.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлдөрү алгач мекеменин ишмердүүлүгүнөн кабар беришти. Чыныбек уулу Кубанычбектин айтымында, Кыргызстандын аймагында көп кабаттуу үйлөрдү куруп, жарандарга тапшырууда. Учурда кыргызстандыктарга үч багыт боюнча үй алуу каралган.

“Алардын бири – арзан программасы менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштегендер, экинчи социалдык ипотека – көп балалуу үй-бүлөлөр, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, 18 жашка чейинки балдары бар жалгыз бой ата же энелер арыз берип, арызы жактырылса кезекке тура алат. Кезеги келгенде баштапкы төлөмсүз, 4%дык жылдык үстөгү менен 25 жылга алышат. Ал эми үчүнчү жеткиликтүү ипотека программасы аркылуу жеке сектордо иштеген жарандар кезеги келгенде, 8% жылдык үстөгү менен үйлүү болушат”, - деди МИКтин өкүлү.

Өзгөчө кырдаалдар министрилигинин мамлекеттик жана аскер кызматкерлери түз жана онлайн түрүндө ипотекалык программалар аркылуу үй алуу, жер которгон шарттары, төлөө жолдору, облустардагы салынып жаткан көп кабаттуу үйлөр жана докементердин тактыгы тууралуу кеңири маалымат ала алышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу