Жаңылыктар
26.06.2024 18:12
Кароолор: 265
ИНСПЕКТОРЛОР САНАРИП ТЕКШЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫН КОЛДОНОТ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматтын директору Алибек Алыбаев кечээ, 25-июнда “Өрт коопсуздугунун санариптик базасы” аталышындагы санарипке өтүү программасын онлайн аркылуу тааныштырды.
Анын айтымында Санарип текшерүү программасы аркылуу ӨККнын инспекторлору мамлекеттик мекемелерде жана ишкердиктин субъекттеринде текшерүүлөрдү ыкчам, сапаттуу жана убакытты үнөмдөө менен жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындан сырткары ар бир маалымат бирдиктүү системага түшүп, текшерүүнүн жүрүшү ачык-айкын болот.
Презентациянын жүрүшүндө ӨККнын аймактык башкармалыктарына жалпысынан 11 планшет жана 3 ноутбук тапшырылды.
Белгилей кетсек, Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматы өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү талаптарды, эрежелерди сактоодо мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду жүзөгө ашырат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР