Жаңылыктар

13.05.2026 13:03

   Кароолор: 69

ИНКЛЮЗИВДҮҮ КООПСУЗДУК: ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДА КӨЗҮ КӨРБӨГӨН ЖАНА НАЧАР КӨРҮҮЧҮ АДАМДАРДЫ КАНТИП ЭВАКУАЦИЯЛОО КЕРЕК?

Өзгөчө кырдаал маалында эч кимди жардамсыз калтырбоо маанилүү. Бирок эвакуация учурунда азиз же көрүүсү начар адамды кантип жетелөө керек экенин билебизби? Убакыт секунд менен эсептелгенде байланышты кантип туура уюштуруу керек?

Сиздерге сунуш кылып жаткан окуу курсунун ролиги. Бул ролик Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, оперативдик дежурныйлар жана бөлүм башчылары үчүн иштелип чыккан «Өзгөчө кырдаалдарды инклюзивдүү башкаруу» окуу курсунун материалдарынын бири.

Курс бир нече бөлүмдөн турат жана төмөнкүлөрдү камтыйт: талаа шарттарында майыптыгы бар адамдарды аныктоо, жеткиликтүү байланышты жана эвакуацияны уюштуруу, жабырлануучуларды жайгаштыруунун стандарттары, ошондой эле өзгөчө кырдаалда гендердик зомбулуктун алдын алуу.

Окуу курсу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин демилгеси менен БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин “Кыргыз Республикасында адам укуктарын коргоону жана адилеттүүлүккө тегиз жетүүнү күчөтүү” долбоорунун алкагында иштелип чыккан.

🔗Окутуучу курсу — жакында платформага жүктөлөт.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу