Жаңылыктар
28.09.2023 14:49
Кароолор: 679
ИИМдин окуу борборунда өрт коопсуздугу тууралуу нускама өткөрүлдү
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Ж.Шабиров атындагы республикалык окуу борборунда өрт коопсуздугу жана алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттарды колдонуу боюнча атайын нускама өткөрүлдү.
Нускаманы ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Ленин райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери өткөрүштү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР