Жаңылыктар

20.12.2024 12:26

   Кароолор: 497

III ЭЛДИК КУРУЛТАЙДЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫ ӨКМдин ТЕХНИКАЛАРЫ МЕНЕН ТААНЫШЫШТЫ

Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өтүп жаткан III элдик курултайга карата техникалар көргөзмөсүнө кечээ, 19-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу иштерине колдонулчу техникалары, шаймандары, жабдыктары коюлду.

Көргөзмөдө өрт өчүрүүчү, куткаруу унаалары, издөө, мониторинг изилдөө иштеринде колдонулчу дрон жана башка аппараттар өлкө аймагынан келген делегаттарга тааныштырылды.

Алардын кызыккан суроолоруна көргөзмө ээлери жооп берип, куткаруучулардын иштерин айтып беришти.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу