Жаңылыктар
30.08.2023 15:02
Кароолор: 299
Ички каражаттын эсебинен жаңы футбол аянтчасы ачылды
Бүгүн ӨКМдин Тоо кырсыгынан куткаруу кызматында кош майрам. Дегенибиз 31-август – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата жана ички каражаттын эсебинен курулган кичи футбол аянтчасынын ачылуу аземи болуп өттү.
Ага катар эле өлкөнүн көз карандысыздык майрамына карата уюштурулган спорттук мелдеште министрликтин медаль жана ардак грамоталары үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге тапшырылды.
Иш чаранын жүрүшүндө өздүк курамдын арасында кичи футбол боюнча мелдеш өтүп, оюн талаасында мыктылыгын көрсөткөндөргө сыйлыктар тапшырылды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР