Жаңылыктар

04.04.2026 19:42

   Кароолор: 3

ГУМАНИТАРДЫК ЖАРДАМ ЖҮКТӨЛГӨН ӨКМ КЕРБЕНИ ӨЗБЕКСТАНГА ЖЕТТИ

КР Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргыз элинин атынан Иран Ислам Республикасына жөнөтүлгөн гуманитардык жардам кербени Өзбекстан Республикасынын аймагына жетти.

Жалпы жети оор жүк ташуучу унаалар колоннасын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмаз Асанов жетектөөдө жана ӨК министри Канатбек Чыныбаев өзү көзөмөлгө алууда.

Белгилей кетсек, гуманитардык жүктүн жалпы көлөмү 129 тоннаны түзөт, алар өз дарегине план боюнча 5-7 күндө жетип барат.

КР ӨКМ РЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу