Жаңылыктар
29.04.2026 19:48
Кароолор: 99
ГҮЛЧӨ: СЕЛ КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУГА 500ДӨН АШЫК КЫЗМАТКЕР ЖАНА ЖЕТИШТҮҮ ТЕХНИКА ТАРТЫЛДЫ
Ош облсунун Алай районунун Гүлчө шаарында 28-апрелде жүргөн селдин кесепеттерин жоюу иштери Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевдин жеке көзөмөлүндө жана орун басары Искендер Сулаймановдун координациялоосунда жүрүүдө.
Учурда аймакта тазалоо иштерине жалпы 543 кызматкер, 44 техника жана 10 мотопомпа тартылып, күч-каражаттар жетиштүү. 29-апрель саат 12:00гө карата 8 жер төлө жана 45 короо сел калдыктарынан толук тазаланып бүтүп, калыбына келтирүү иштери кызуу уланууда.
https://www.facebook.com/share/v/18gA6wk8B6/