Жаңылыктар

09.07.2026 16:29

   Кароолор: 11

ГРИГОРЬЕВКА КАПЧЫГАЙЫНДАГЫ КӨПҮРӨ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРИЛДИ

9-июль күнү Ысык-Көл районунун Григорьевка капчыгайында селден улам жараксыз абалга келген көпүрө калыбына келтирилди.

Капчыгайдагы малчылар, жергиликтүү эл жана эс алуучулар үчүн маанилүү болуп эсептелген көпүрөнү куруу ишине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен, Садыр Аке айыл өкмөтүнөн жана Чайна роуд ишканасынын техникалар тартылган.

Маалым болгондой, ушул жылдын 2-июль күнү Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда нөшөрлөп жааган жаандан улам Григорьевка капчыгайында Чоң-Ак-Суу дарыясынын суусунун деңгээли көтөрүлүп, суунун нугундагы 5-көпүрө жараксыз абалга келген.

ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу