Жаңылыктар

10.06.2026 01:08

   Кароолор: 890

ГИДРОМЕТЕОРОЛОГИЯЛЫК КЫЗМАТЫНЫН ЖАҢЫ ДИРЕКТОРУ БОЛУП ДАУРБЕК САКЫЕВ ДАЙЫНДАЛДЫ

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорологиялык кызматында кадрдык өзгөрүүлөр орун алып, мекемеге жаңы директор болуп Сакыев Даурбек Жоомартович дайындалды.

Кыргызгидрометтин жамааты мурдагы жетекчиликке аткарган эмгеги жана өлкөнүн гидрометеорологиялык кызматын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн терең ыраазычылык билдирет.

Жаңы директордун алдында аба ырайын көзөмөлдөө системасын, климаттык байкоолорду мындан ары да өркүндөтүү жана калкты гидрометеорологиялык кубулуштар тууралуу өз убагында маалымат менен камсыз кылуу боюнча маанилүү милдеттер турат.

Кызматтын жалпы жамааты Сакыев Даурбек Жоомартовичке ийгиликтерди, кесиптик жетишкендиктерди жана Кыргыз Республикасынын жыргалчылыгы үчүн белгиленген пландарды натыйжалуу ишке ашырууну каалайт!

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу