Жаңылыктар
09.04.2026 15:11
Кароолор: 6
ГИДРОМЕТЕОРОЛОГИЯЛЫК КЫЗМАТЫНА – 100 ЖЫЛ
2026-жылы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат 100 жылдык мааракесин белгилейт. Бул тармак аба ырайын, суу ресурстарын көзөмөлдөө аркылуу калктын коопсуздугун камсыз кылууда маанилүү орунга ээ.
Ушул багытта Өзгөн бириккен гидрометеорологиялык станциясы 1927-жылдын 20-мартынан бери үзгүлтүксүз иш алып барып келет. Учурда станцияда 19 кызматкер эмгектенип, гидрология, метеорология, агрометеорология жана кар көчкү багыттары боюнча иштер жүргүзүлөт.
Станция Өзгөн, Кара-Кулжа, Алай, Чоң-Алай жана Араван райондорун тейлеп, дарыялардагы суунун деңгээлин жана аба ырайын туруктуу көзөмөлдөйт. Метеорологиялык байкоолор күн сайын жүргүзүлүп, кооптуу абал жаралган учурда ыкчам эскертүүлөр берилет.
2024-жылы жаңы заманбап имарат пайдаланууга берилип, адистер үчүн бардык шарттар түзүлгөн.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР