Жаңылыктар
08.02.2024 16:33
Кароолор: 1535
ГЕОМЕЙКИНДИКТЕГИ МААЛЫМАТТАРДЫ КОЛДОНУП, КЛИМАТТЫК ТОБОКЕЛДИКТЕРГЕ, КООПТУУ АЙМАКТАРГА БОЛЖОЛДОО ЖҮРГҮЗҮҮ КӨНДҮМДӨРҮН ҮЙРӨНҮШӨТ
ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жана болжолдоо департаменти Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен геомейкиндиктиктеги кооптуу маалыматтарды колдонуу менен климаттык тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүү үчүн санариптик маалымат системасын киргизүү боюнча эки күндүк тренингден өтүүдө.
Үстүбуздөгү жылдын 8-9-февралына чейин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жана болжолдоо департаментинин, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун, Гидрометеорология кызматынын адистери глобалдык моделдин маалыматтарын колдонууну жана билим көндүмдөрүн үйрөнүп, кооптуу жаратылыш процесстерин изилдөөдө, болжолдоодо пайдаланышмакчы.
Белгилей кетсек, бул тренингдин жүрүшүндө адистер кооптуу климаттык тобокелдиктер менен кырдаалды көзөмөлдөө үчүн Жерди аралыктан тартуу маалыматтарын колдонуу мүмкүнчүлүгү боюнча билимге жана көндүмгө ээ болушат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР