Жаңылыктар

15.03.2026 10:07

   Кароолор: 4

ГЕОЛОГИЯДАН ЧЫККАН ӨРТ ӨЧҮРҮЛДҮ

Бишкек шаарындагы "Геология" унаа тетиктерин саткан базардан чыккан өрт саат 09:38де толук өчүрүлгөн. ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын ыкчам нөөмөтчүсүнүн берген маалыматына ылайык, өрттүн болжолдуу аянты 250 ч.м. түзөт.

Бактыга жараша тилсиз жоодон жабыркагандар жок. Өрт кырсыгында 6 күжүрмөн эсеп, штаб жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ жеринде иштеди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу