Жаңылыктар

02.09.2024 15:53

   Кароолор: 465

ГЕНЕРАЛ-МАЙОР ЖОГОРКУ АСКЕРДИК НААМЫНЫН ЭЭСИ – УРМАТБЕК ШАМЫРКАНОВ

ГЕНЕРАЛ-МАЙОР ЖОГОРКУ АСКЕРДИК НААМЫНЫН ЭЭСИ – УРМАТБЕК ШАМЫРКАНОВ

 

КУТКАРУУЧУЛУКТУН ТҮЙШҮГҮ БААЛАНГАНДА...

Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев министрдин орун басары Урматбек Шамырканаовду жамаат менен биргеликте жогорку аскердик генерал-майор наамын алышы менен куттуктады.

“Өлкөбүздө катталган табигый жана техногендик кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда сизге артылган милдетти Мекен алдында ар убак зор жоопкерчилик менен аткарасыз. Адам өмүрүн жана материалдык баалуулуктарды сактоодо өз тажрыйбаңыз менен куткаруучуларга жол көрсөтүүңүз, салымыңыз менен жогорку наамга татыктуусуз”, - деген генерал-майор Бообек Ажикеев мындан ары да калктын коопсуз жашоосуна салым кошуусуна ийгиликтерди каалады.

Сөз атасы келип турганда министрликтин жетекчилиги тууралуу азын-оолак кеп кыла кетпесек болбос. Албетте министрликтин ишин алдыга жылдырууда, инженердик жана оор техникалар менен камсыздоодо жетекчиликтин мыкты анализи, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга куткаруучуларды тартууда жетекчинин мыкты тактикасы болмоюн ийгилик жаралары белгисиз. Дегеним, апаат учуру эле эмес, тынчтык мезгилинде да куткаруучуларды күжүрмөн даярдыкка келтирүүнүн башында министр жана алардын орун басарлары тынымсыз иш алып барат. Бүгүн жетекчилик өздүк курамдан тарта аскердик мөөнөттө кызмат өтөгөн куткаруучу аскерлерге чейин алардын билим деңгээлин жогорулатууга, иштөөсүнө мамлекеттик казынанын жардамы жана эл аралык уюмдардан донор тартуу менен заманбап мүмкүнчүлүк түзүү аракетинде.

Өлкөнүн кайсыл гана жеринде болбосун табигый кырсык катталганда Өзгөчө кырдаалдар министри баштаган орун басарларга чейин тикесинен тик туруп, кооптуу аймактардан алгач жашоочуларды аман-эсен эвакуациялоону, кесепеттерин жоюу, Жарандык коргонуу кызматынын иштерин көзөмөлдөшөт. Күндөп, түндөп алыскы аймактарга кырдаалды чалгындап, куткаруучуларга жол көрсөтүп, куткаруу иштеринин башында туруп, кырдаалды турукташтырышат. Оор күндөрдөгү куткаруучулардын түмөн-түйшүктүү эмгеги Мамлекет башчысы тарабынан бааланып келет.

МЕКЕН БИРӨӨ — БААРЫБЫЗ МЕКЕН ҮЧҮН!

Кыргыз Мамлекетинин Эгемендүүлүгүнүн 33, Кара-Кыргыз автономдуу облусунун 100 жылдыгын белгилеген улуу майрамда Президент Садыр Жапаров мамлекеттүүлүктү түптөөгө, бекемдөөгө андан ары өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн өз заманынын каармандардын улут алдында өтөгөн кызматын баса белгилеп, жогорку даражадагы сыйлыктарын ыйгарды.

Аны менен катар Мамлекет башчысы өлкөбүздүн улуттук коопсуздугун элдин бейпил жашоосун камсыз кылууда тагылган милдеттерин так аткарып келе жаткан жетекчилердин эмгегин да баалады.

Алардын катарында Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Муслинович Шамыркановго “генерал-майор” жогорку аскердик наамын ыйгарды.

Жогорку аскердик наамдын ээси – Урматбек Шамырканов чындыгында эле өз кесибин мыкты билген “Мекен үчүн, эл үчүн!”, - деп, башкалардан айырмалана ак кызматын өтөп, министрликтин өнүгүүсүнө кошкон салымы ат көтөргүс.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бардык кызматында иштеп, өлкөбүздүн аймактарында жаралган табигый кырдаалдардын, кырсыктардын кесепеттерин жоюуда, издеп-куткаруу иштеринде катардагы куткаруучулардын башында туруп, аларга жол көрсөтүп келет.

Замандашыбыз өсүп келе жаткан жаш куткаруучуларга үлгү болуп, алардын алдыга умтулушуна себепкер. Ал өз кесипкөйлүгү менен дагы канчаларына устат болуп, кеп-кеңешин аябайт.

Аныңнэмгек чыйырында кыштын ызгаарында, жайдын саратанында табигый жана техногендик өзгөчө кырдаалдарды жоюу жүздөп саналат. Алсак, быйыл эле Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен өлкөнүн бардык аймактарында өз милдетин ак өтөдү.

Куткаруучулуктун бардык тармагында иштеп, министрликтин түйшүгүн жон тери менен сезген генерал-майор Урматбек Шамырканов 2020-жылдан тарта министрдин орун басары кызматын аркалап, аскердик тармагын жетектейт.

Министрликтин жетекчилиги жана өздүк курамы жогорку аскердик наамдын ээсине мындан ары да Ата Мекен алдында ак милдетин өтөө, жаштарга жол көрсөтүп, элибиздин коопсуз жашоосун камсыздоого, салым кошууга зор ишеним артат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу