Жаңылыктар

14.10.2023 14:26

   Кароолор: 1002771

ФРАНЦУЗДАР КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫ ОКУТУШТУ

КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде ийгилик жараткан окуялардын бири – европа тик учактарын башкарууну жана бийик тоолордо адам өмүрүн сактоону кыргызстандык куткаруучуларыбыз, учкучтарыбыз окуп үйрөнүштү. Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун колдоосу менен министрликке республикалык бюджеттин эсебинен 2022-жылдын августунда Франциянын “Airbus Helikopters H-125” маркасындагы тик учагы, ал эми эки кыймылдаткычтуу “Airbus H-145” тик учагы декабрь айында келгенин баарыбыз билебиз. Албетте акыркы үлгүдөгү тик учактарды башкаруу, кароо дагы заманга ылайык билим талап кылаары анык. Ага ылайык Франциядан 2, Германиядан 4 техник жеринде бир жарым айдан билим алып, тик учактардын бөлүк-тетиктерин жакындан билип кайтышкан.

Мындан улам ӨКМдин министри, генерал-майор Бообек Ажикеев Франциянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин өкүлдөрү менен расмий жолугушуу учурунда Кыргызстандын бийик тоолорунун шартында кесипкөй учкучтарды окутуп, даярдоо демилгесин сунуштаган Мындай демилге элчилик тарабынан жылуу колдоого алынып, эки тараптуу кызматташуунун алкагында 3-6-октябрда учкучтар, куткаруучулар үчүн атайын окутуу-машыгуу уюштурушту.

Жыйынтыгында кыргызстандык 3 учкуч Франция өлкөсүнүн Ички иштер министрлигинин жарандык коопсуздук боюнча тик учак тобунун тоодо куткаруу боюнча башкы учкуч-инструктору Рено Гиермэден окушту. Ал эми 6 тоо куткаруучу аталган министрликтин Өрт коопсуздугу жана куткаруу кызматтын Тоо борборунун инструктор-куткаруучусу Антуан Тёлье менен машыгышты.

Окутуу-машыгууда учкуч куткаруучулар бийик жана кууш жерлерде учуп, 5000 метр бийиктиктеги тоолорго конуп, ошондой эле татаал шарттарда авиациянын жардамы менен куткаруу иштерин үйрөнүп, тажрыйба топтошту. Квалификациясын жогорулаткан кыргызстандыктарга атайын сертификаттарды тапшыруу аземи Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «Байтик» аэродромунда өткөн. Ага Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана ыйгарымдуу Элчиси Франсуа Делаус, аталган өлкөнүн Ички иштер министрлигинин Куткаруу кызматынын башкы комиссарынын өкүлү Оливье ди Эр, ошондой эле “Eurocopter Kazakhstan Engineering” компаниясынын башкы директору Сесиль Арно жана “Airbus Helicopter” инженердик тобунун Борбордук Азиядагы өкүлү Ромейн Лана катышышкан.

Мындай окутуулар эки өлкөнүн кызматташтыгынын достук маанайда өнүгүүсүнө жана Кыргызстанда туризмди өнүктүрүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ал эми тажрыйба топтогон учкучтарыбыз үйрөнгөн тажрыйбаларын адам өмүрүн куткарууда кеңири колдоно алат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР