Жаңылыктар

07.10.2023 15:00

   Кароолор: 880

ФРАНЦИЯ КЫРГЫЗСТАНДЫН УЧКУЧТАРЫНА ТИК УЧАКТЫ БАШКАРУУНУ ҮЙРӨТТҮ

3-октябрдан 6-октябрга чейин КР Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин демилгеси менен Франция өлкөсүнүн Куткаруу кызматынын учкуч адистери ӨКМдин учкучтарын, тоо куткаруучуларын тик учакты башкарууну окутту.

Учкучтар Франция өлкөсүнүн Ички иштер министрлигинин жарандык коопсуздук боюнча тик учак тобунун тоодо куткаруу боюнча башкы учкуч-инструктору Рено Гиермэ, тоо куткаруучулары Француз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Өрт коопсуздугу жана Куткаруу кызматынын куткаруучусу, Тоо борборунун инструктор-куткаруучусу Антуан Талье менен машыгышты.

Алар бийик жерге конууга үйрөнүп, 5000 метр бийиктиктеги тоолорго конду. ӨКМдин учкучтары учууну, куткаруучулар татаал тоо шарттарында авиациянын жардамы менен куткаруу иштерине үйрөнүп, ошондой эле тиешелүү сертификаттарга ээ болушту.

Сертификаттарды тапшыруу аземи Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин авиабазасы «Байтик» аэродромунда өттү. Бет ачар аземине Франция Республикасынын Элчиси Франсуа Делаус, Франция Республикасынын Ички иштер министрлигинин Куткаруу кызматынын башкы комиссарынын өкүлү Оливье ди Эр, ошондой эле “Eurocopter Kazakhstan Engineering” компаниясынын башкы директору Сесиль Арно жана “Airbus Helicopter” инженердик тобунун Борбордук Азиядагы өкүлү Ромейн Лана катышышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу