Жаңылыктар
20.02.2025 21:20
Кароолор: 1322
ФОТОБАЯН: АТА МЕКЕНДИ КОРГОО КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ФУТБОЛДУН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ
Бүгүн, 20-февралда Бишкек шаарында К.Кожомкул атындагы спорт сарайында жана Ош шаарындагы ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын базасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк, аймактык, ведомствого караштуу бөлүктөр арасында кичи футбол боюнча өткөн турнирлер жыйынтыкталды.
Бишкек шаарындагы турнирге катышкан жалпы 10 команданын ичинен:
▪︎ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын командасы 1-орунду;
▪︎Бишкек шаардык башкармалыгы 2-орунду;
▪︎Ысык-Көл облустук башкармалыгы 3-орунду камсыз кылды.
Ал эми Ош шаарында өткөн турнирге 11 команда күч сынашып, жыйынтыгында:
▪︎ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын командасы - 1;
▪︎ Республикалык өзүнчө куткаруу отряды - 2;
▪︎Тоо куткаруу кызматы 3-орунду жеңип алды.
Акырында алдыга чыккан командаларга жана оюн талаасында өзүн мыкты көрсөтө алган оюнчуларга Кубок жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР