Жаңылыктар

24.01.2024 20:06

   Кароолор: 1122

ЭЖКУнун БОРБОР АЗИЯ КЕҢСЕСИ ТУУРАЛУУ БИЛГИҢИЗ КЕЛЕБИ?

Кыргыз Республикасынын аймагында Борбордук Азия жана Азия үчүн эл аралык жарандык коргонуу уюмунун регионалдык гуманитардык кеңсеси ачылат. Бул негиздерди камтыган ратификациялык мыйзам долбоору 24-январда Жогорку Кеңештин жыйынында каралып, үчүнчү окууда кабыл алынды.

Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов "Парламент" радиосунда болуп, Жарандык коргонуу тармагына байланыштуу мыйзамдын маанисин жана Бишкекте ачыла турган гуманитардык кеңсеси тууралуу кеңири айтып берди.

Эске салсак, өткөн жылдын октябрында Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгынын астында өткөн Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун 56-сессиясы өткөн. Уюмдун Аткаруу кеңешине мүчө болгон 24 өлкөнүн өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү кызматынын 40 өкүлү катышкан жыйында Борбордук Азия жана Азия үчүн эл аралык жарандык коргонуу уюмунун регионалдык гуманитардык кеңсеси Бишкекте ачуу демилгеленген.

Гуманитардык кеңсенин негизги максаты – Борбор Азияда кандайдыр бир апаат болсо, ыкчам жардам көрсөтүү жана уюмга мүчө өлкөлөрдүн куткаруучуларынын күжүрмөн даярдыгын жогорулатуу. Бул кеңсе Эл аралык жарандык коргонуу уюму аркылуу каржыланат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу