Жаңылыктар
28.08.2025 14:17
Кароолор: 347
ЭЖКУнун АЛКАГЫНДА ТОО КУТКАРУУЧУЛАРЫН ДАЯРДОО КУРСУНА ЖАҢЫ БАГЫТТАР СУНУШТАЛАТ
Эл аралык Жарандык коргонуу уюмунун (ЭЖКУ) алкагында Кыргызстанда жыл сайын өтүүчү бийик тоолордон куткарууга даярдоо боюнча XI эл аралык окутуу курсу ийгиликтүү аяктап, сертификаттар жана белектер тапшырылды.
Салтанаттуу иш-чарада Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, генерал-майор Урматбек Шамырканов дүйнөнүн 11 мамлекетинен келген чет элдик куткаруучуларды куттуктап, мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады. Ошондой эле ал бийик тоолордон куткаруу үчүн жогорку тажрыйбалуу альпинисттерди даярдоо боюнча ЭЖКУга жаңы методикаларды киргизүү сунушталып жатканын кошумчалады.
Баарлашуунун жүрүшүндө Кыргызстанда өткөн окутуу бай тажрыйбаларды топтоого, бийик тоолордо, кооз жаратылышта машыгууда спорттук энергиянын чыңдоого бир топ салым кошкондугун билдирген чет элдиктер, жогорку деңгээлде уюштуруу иштерине ыраазычылык айтып, таасирлери менен бөлүштү.
Маалымат катары айта кетсек, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мындай курстарды 2012-жылдан бери жыл сайын өткөрүп келет. Мындан ары да жаңы шарт, жаңы мүмкүнчүлүктөр менен кабыл алууну улантат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР