Жаңылыктар

19.10.2023 17:23

   Кароолор: 616

ЭЖКУга ТӨРАГАЛЫК КЫЛУУ РОССИЯЛЫК КУТКАРУУЧУЛАРГА ӨТТҮ

Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгынын астында өтүп жатакан Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун 56-сессиясы улантылууда. Ага катышуу үчүн уюмдун Аткаруу кеңешине мүчө болгон 24 өлкөнүн өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү кызматынын өкүлдөрү катышып жатышат.

Эл аралык жыйындын жүрүшүндө сөз сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу табигый кырсыктардын алдын алууга, кесепеттерин жоюуда техникалык мүмкүнчүлүктөрдү арттырууга жана куткаруучу, адистердин тажрыйбасын жогорулатууну максат кылган уюмдун аткаруу кеңешине үчүнчү ирет төрагалык кылган Кыргызстандын вазыйпасы соңуна чыккандыгына токтолуп, ишеним билдирүү менен ЭЖКУга келерки жылдары төрагалык кылууну Россия Федерациясынын Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча министр, генерал-лейтенант Александр Куренковго өткөрүп берип, уюмдун мындан аркы иштерине ийгилик каалады.

Мындан соң уюмдун төрагалыгына орун басарлыгына Бахрейнден келген Али Мохаммед мырзаны бир добуштан шайлашты.

Жаңы шайланган төрага Александр Куренков кыргыз тарап төрагалык кылган жылдары окутуулар, ар тараптуу кызматташуулар максатына жеткендигин айтып өттү. Ошондой эле ал дүйнө жүзүндө катталып турган өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, адам өмүрүн, аймактарды, материалдык жана маданий баалуулуктарды сактоодо дүйнө мамлекеттеринин башын бириктирген уюм аркылуу чечилерине токтолду.

Мындан сырткары жыйында уюмдун башкы катчысы Нжупуо ЯП Мариату өз сөзүндө, уюмга мүчө өлкөлөрдүн башын бириктирген платформада бардык мамлекеттердин коопсуздукту коргоо мекеме өкүлдөрүнүн сунуштарын угуп, тажрыйба алмашууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүлгөндүгүнө токтолду. Анын айтымында, ЭЖКУга мүчө мамлекеттер аралык окутуу-машыгуулардын уюштурулушу табигый жана техногендик кырсыктардын алдын алуу, кесепеттерин жоюу тууралуу маалымат ала алышканын айтып өтүп, жаңы төраганын иштерине ийгилик каалады.

Ошондой эле жыйындын катышуучулары Эл аралык жарандык коргонуу уюмунда 2025-жылдын аталышын жарыялоо үчүн берилген бир нече сунуштарга добуш берүүнүн жыйынтыгында “2025-жыл – Жарандык коргонуу коопсуздуктун кепилдиги” деп жарыяланды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу