Жаңылыктар
21.09.2023 12:27
Кароолор: 2324
“Евразия-Антитеррор – 2023” машыгуусу
Бүгүн, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан КМШга мүчө-мамлекеттердин Антитеррордук борборунун жана Шанхай кызматташтык уюмунун Регионалдык антитеррордук түзүмүнүн Аткаруу комитетинин колдоосунда КМШга мүчө жана ШКУга мүчө мамлекеттердин Компетенттүү органдарынын “Евразия-Антитеррор – 2023” антитеррордук машыгууларынын жыйынтыктоочу этабы өткөрүлдү. Аталган машыгууда, тийиштүү күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери террористтик топторго каршы атайын операция жүргүзүштү.
“Евразия-Антитеррор – 2023” машыгуусунун экинчи этабынын алкагында Жазаларды аткаруу кызматынын бөлүмдөрү тарабынан үч объектиде - Бишкек шаарындагы ТЭЦтин май куюучу станциясында, өткөрүлдү. Сценарий боюнча террордук мүнөздөгү кылмыштар үчүн соттолгондордун тобу түзөтүү колониясында массалык баш аламандыктарды уюштуруп, алар погромдор, өрттөөлөр жана мекеменин бир нече кызматкерлерин барымтага алуу менен коштолду.
Мыйзамсыз жана тиешелүү түрдө ишке ашпай турган талаптарды койгон террористтер менен натыйжасыз сүйлөшүүлөрдөн кийин, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан тополоңду басуу, барымтадагыларды бошотуу жана мекемеде тартип укуктарын орнотуу боюнча атайын операция башталды. Терорристтерди кармоодо күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери кылдаттык менен өз милдеттерин так аткарышып, кырдаалды толук кандуу жөнгө салышты.
Террористтерге каршы операциянын жүрүшүндө өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкы күч каражаттары, тагыраагы 8 атайын авто техника, бир тик учак жана 50дөй куткаруучу тартылды. Мындан тышкары коргоо министрлигин техникалары да кызмат көрсөттү.
Машыгуу учуруна КМШнын Антитеррордук борборунун, ШКУ региондук антитеррордук түзүмүнүн Аткаруу комитетинин, ЖККУ Аткаруу комитетинин, Армения, Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын компетенттүү органдарынын өкүлдөрү байкоо жүргүзүшуп, күч түзүмдөрүнүн террористтерге каршы аракеттерин жогорку денгээлде баалашты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР