Жаңылыктар

23.06.2024 19:54

   Кароолор: 218

ЭСКАЛАТОРГО КЫПЧЫЛЫП КАЛГАН НАРИСТЕ КУТКАРЫЛДЫ

Бүгүн, 23-июнь күнү Бишкек шаарындагы "Караван" соода борборунда 2021-ж.т. Н.А. аттуу кыздын буту эскалаторго кыпчылып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине ыкчам түрдө Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, атайы шаймандардын жардамы менен кыздын бутун чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу