Жаңылыктар
01.11.2025 15:07
Кароолор: 43
ЭС АЛУУЧУ ЖАЙДА ИРИ ӨРТ ЧЫКТЫ
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда алдын ала маалымат боюнча, Кош-Көл айылында жайгашкан “Радуга” эс алуучу жайында коттеджден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 13:29да Ысык-Көл райондук №32 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп, саат 14:01де 1 күжүрмөн эсеп, саат 14:01де Балыкчы шаардык N19 ӨКБдан 1 , саат 14:15те 1 жалпы 4 күжүрмөн эсеп тартылды.
Мындан сырткары "Ысык-Көл" Эл аралык аэропортунан 1 күжүрмөн эсеп райондук ӨКБдан ыкчам топ тартылып, өрттү өчүрүү иши жүрүүдө.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР