Жаңылыктар

23.08.2023 10:38

   Кароолор: 1838

Эс алуучу, сиз кайдасыз?

Жаратылыш койнунда болсоңуз күйүп бүткөн чокту да калтырбаңыз. Чок тутанып жалынга, жалын жалбырттаган өрткө айланып, бүтүндөй бир токойду, тоону жана башка аянттарды кучагына аларын эстен чыгарбаңыз.

Жалындаган өрт жаратылыштын, тоо-токойлордун дегеле, айлана-чөйрөнүн флора-фаунасын орду-түбү менен жок кыларын унутпайлы. Аны калыбына келтирүү кылымдарга тете эмгекти, өмүрдү талап кылат

Экочөйрө тургай, адам баласына зыяны тийиши толук мүмкүн. Ири өрттүн чыгышына түздөн-түз адам фактору таасир этет. Маселен, талаа-түзгө таштаган суу толтурулган желим бөтөлкөлөр, айнек идиштин сыныктары, тамекинин калдыктары жолундагынын баарын жок кылган ири өрттүн чыгышына жол бербейт деп ким кепилдик бере алат? Албетте, эч ким.

Андыктан, ар бирибиз ойлонуп, акылга салып эс алалы! Жоопкерчилик ар бириңиздин колуңузда!

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу