Жаңылыктар

17.11.2023 10:20

   Кароолор: 273

ЭРЕЖЕГЕ БАШ ИЙБЕГЕН ТОЙКАНА

ЭРЕЖЕГЕ БАШ ИЙБЕГЕН ТОЙКАНА

 

ӨКМ ӨРТ КООПСУЗДУГУН САКТООНУ ЭСКЕРТЕТ!

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрттү көзөмөлдөө кызматы жана башка тиешелүү кызматкерлери республикадагы тойканалардын өрт коопсуздугун текшерип, түшүндүрүү ишин улантууда.

Бул ирет Бишкектеги мындай жайлардын биринде өрт коопсуздук эрежелери таптакыр эле сакталбаганы аныкталып, айып пул салынды.

❗️ КР ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИ СУНУШТАЙТ

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Сыноо лабораториясы курулуш материалдарынын, кездеменин түрлөрүнүн өрткө туруктуулугун бир нече категория менен аныкташат.

Андыктан жарандар үй салуудан баштап ишкерлик менен алектинип, соода борбор, ишкана, тойкана айтор коомдук жайлардын имаратын курууда курулуш жана кездеме материалдары канчалык тез өрттөнөт, түтүн бөлүп чыгарат ж.б. көрсөткүчтөр боюнча аз убакытта аныктап алышса болот.

🔹Сыноо физикалык жана юридикалык жактардын кайрылуусунун негизинде жүргүзүлөт.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу